Nokia C2 01 - Nokia батарейкасын бирдейлигин аныктоо көрсөтмөсү

background image

убакыттын өтүшү менен зарядын жоготот.

Ашыкча суук же ысыктан абайлаңыз. Батареяны дайыма 15°C жана 25°C (59°F жана 77°F) аралыгындагы

температурада сактаганга аракет кылыңыз. Адаттан тыш температуралар батареянын батыруу көлөмүн жана

колдонуу убактысын кыскартат. Ысыган же муздаган батареясы бар аппарат батарея толук заряддалганына

карабастан убактылуу иштебөөсү мүмкүн. Батареянын иштөө мөөнөтү тоңуу температурасынан бир топ төмөн

температурада өзгөчө кыскарат.

Кыска туташууну болтурбаңыз. Кокустан кыска туташуулар монета, кагаз бекиткич, калемсап сыяктуу металл буюмдар

батареянын оң (+) жана терс (-) терминалдарына тийип, түз туташууга себеп болгондо болушу мүмкүн. (Терминалдар

батареяда металл сызыктар түрүндө болот.) Мындай кокустуктар сиз, мисал үчүн, батареяны өз чөнтөгүңүздө бош

алып жүргөндө чыгышы мүмкүн. Терминалдардын кыска туташуусу батареяга же тийген буюмга зыян кылышы мүмкүн.

Жок кылуу Батареяны отко жакын кармабаңыз, анткени ал жарылуусу мүмкүн. Батареяны жергиликтүү эрежелерди

сактап жок кылыңыз. Мүмкүн болсо иштетүүгө берүүңүздү суранабыз. Кадимки үй чарба таштандысы катары

таштабаңыз.

Суу агышы. Батареяны же анын уюкчаларын тышын сыйрып, кесип, ачып, жанчып, бүгүп, тешип же өз өзүнчө

бөлбөңүз. Батарейканын суусу агып калса, ал суюктук көзүңүзгө же териңизге түшпөгүдөй болсун. Андай кокустук орун

алса, жаба тарткан жерлерди дароо аккан сууга тосуп жууңуз, же болбосо медикалык жардамга кайрылыңыз.

Бузуулар. Батарейканы кайрадан жасоого, ичине бөтөн объекттерди киргизүүгө аракет кылбаңыз, сууга же башка

суюктук ичине салып же аларга тийгизбеңиз. Батареяга зыян келтирилген учурда дагы ал жарылуусу мүмкүн.

Туура пайдалануу. Батареяны көрсөтүлгөн максат менен гана колдонуңуз. Батареяны туура эмес колдонуу от чыгуу,

жарылуу жана башка коркунучту алып келиши мүмкүн. Эгер аспабыңыз же батарейкаңыз жерге, айрыкча катуу

тегиздикке түшүрүп алсаңыз жана батарейканын соо калганына күнөм болсоңуз, аны кайра пайдалануудан мурда

кызмат ишканасына жарамдуулугун текшерүүгө алпарыңыз. Иштен чыккан зарядоо бөлүкчөнү же батареяны эч качан

колдонбоңуз. Аларды кичинекей балдардан алыс кармаңыз.

Продукт жана коопсуздук маалыматы

37

background image

Аппаратыңызды туура алып жүрүңүз
Аппаратыңызды, батареяны, заряддоо түзүлүшүн жана кошумча жабдууларды камкордук менен алып жүрүңүз.

Төмөнкү сунуштар сиздин, кепилдиктерди колдонуу мүмкүнчүлүгүңүздү сактайт.

Аппаратты кургак сактаңыз. Жаан чачындар, нымдуулук жана суюктуктардын бардык түрлөрү, электрондук

тетиктерге зыян келтирүүчү минералдарды камтыйт. Эгер аппаратыңыз ным болуп калса, батареяны чыгарып,